Индияда органды сатуу, киши өлтүрүү жана уурдоо боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган дарыгер камактан өргүүгө чыкан учурда качып кетти. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.
62 жаштагы Девендра Кумар Шарма "Өлүм доктору" деген каймана атка калган. Ал 100дөн ашык жүк ташуучу унаа жана такси айдоочусун уурдап, аларды өлтүрүп, автоунааларын саткан жана денелерин крокодилдер жашаган дарыяга ыргыткан.
Ал 16 жыл темир тордун артында жүргөндөн кийин өргүү алган, бирок үйүнө жетпей полициядан качкан. Учурда полиция ага издөө жарыялады.
Киши өлтүрүүдөн тышкары, Шарма мыйзамсыз операциялар үчүн дагы айыпталган. Ал башка дарыгерлер менен чогуу бөйрөк органын сатып иштеген. Кылмышкер жалпысынан 125 ушундай операцияларды жасаган.