Президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барат

Президент Сооробай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарын улантууда. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 3-4-август күндөрүндө эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат.

Президент Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында, ошондой эле Ак-Суу районунда коронавирус инфекциясы пандемиясынын шартындагы медициналык жана айыл чарба объектилеринин, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү, мындан сырткары калкты таза суу менен камсыздоо жана ички жолдорду оңдоп-түзөө боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан