Египетте кичи автобус каналга түшүп кетип, 8 адам каза болду

Египетте жүргүнчүлөрү бар кичи автобус каналга түшүп кетип, 8 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Анда жазылгандай, кырсык Каирдин түштүгүндөгү Гиза пирамидаларынан анча алыс эмес Эль-Марьютия районунда болгон. Тилекке каршы 8 адам окуяболгон жерде каза болсо, ал эми 7 жүргүнчүнү куткарып калууга үлгүрүшкөн.

Айдоочу автобусту башкара албай калганынан каналга түшүп кеткен. Кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо иштери улантылууда деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан