Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин жардамчысы Марслатбек Шералиевдин баш коргоо чарасы каралды. Анда Талас райондук соту аны 2 айга камакка алды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
30-июль күнү саат 17:30 чамасында Көк-Токой айылында Toyota runner унаасын 53 жаштагы Марслатбек Шералиев башкарып бараткан. Ал батыштан чыгышка карай бара жатып, жол жээгинде велосипед менен бараткан адамды сүзгөн. Андан кийин жол четинде токтоп турган Мерседес-Бенц Гигант унаасын сүзүп токтогон. Ал эми велосипедчен жабырлануучу 23 жаштагы А.А. аттуу жаран болгон. Ал Манас райондук ооруканасына жеткирилип, көп өтпөй каза болуп калган. Айдоочуну экспертизадан өткөрүшкөндө ал мас абалда болгону аныкталган. Манас РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Унаа айып короосуна токтотулган.