Башкы прокуратура "Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы" ААКдагы чоң кылмыштын бетин ачты

КРнын Генералдык прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгы тарабынан “Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясы” ААКсынан бюджеттик акчаларды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы ачылды. Алсак, 2011-жылдын май айында “Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясынын” жетекчилиги “К” фирмасына тери даярдоо үчүн 10 миллион сом бөлүп берген. “К” фирмасы алынган сумманын 3 миллион 909 миң 265 сомун кайтарып, соттун чечими менен банкрот деп табылган. Ал эми анын “А” аттуу генералдык директору дайынын билдирбей жашырынып жүрөт. Жыйынтыгында өлкөгө 7 миллион 389 миң 74 сом зыян келтирилди. Мындан тышкары 2011-жылдын июнь айында “Кыргыз агроазык-түлүк корпорациясынан” “А” фирмасына товарларды сатып алуу жана сатуу үчүн 3 миллион 528 миң 300 сом берилген. Бул аталган сумма да белгиленген мөөнөттө кайтарылган эмес. Мунун натыйжасында мамлекеттик казынага 4 миллион 866 миң 188 сом зыян келтирилгендиги аныкталды. Учурда жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан