Кемин районуна караштуу Орловка шаарында жол кырсыгы катталып, эки айдоочу тең ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык жол кырсыгы кечээ, 2-август күнү саат 08:40 чамасында болгон.
"29 жаштагы кыз Тойота унаасында чыгыштан батышка карай бара жатып, Ауди А4 унаасы менен сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 2 унаанын тең айдоочулары ооруканага жеткирилген. Териштирүүдө 29 жаштагы айдоочу мас абалда болгон. Машиналар айып короосуна токтотулуп, тергөө жүрүүдө", - деп билдирди басма сөз кызматынан.