Пневмония оорусуна чалдыгып, учурда ооруканада дарыланып жаткан Өзбек Чотоновдун абалы жакшырды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын күйөө баласы Шермухаммед Ташматов билдирди.
"Өзбек Чотоновдун абалы буюрса жакшы, өзүн мурдагыдай сезип калды. Учурда Бишкек шаарындагы ооруканалардын бириндебиз. Жакынкы күндөрү ооруканадан чыгалы деп турабыз", - деди Шермухаммед Ташматов.
Өзбек Чотонов пневмония оорусуна чалдыгып, өпкөсүнүн 60 пайыздан ашыгы жабыркагандыгы кабарланган.