Орусиянын Нижний Новгород шаарына караштуу Лука айылындагы оорукана өрттөнүп, ири жоготууларды алып келди. Кырсык 12-сентябрда болду. Өрт чыккан учурда ооруканада 59 бейтап болгон, анын 12си өлгөнү кабарланды. Ал эми 25 бейтаптын дайыны белгисиз, издөө иштери жүрүүдө. Өрт каптаган жердин жалпы аянты 670 чарчы метрди түзүп, учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.