Улуу Британияда суунун жээгинен белгисиз жандыктын 4 жарым метрлик өлүгү табылды

Улуу Британиянын түндүк-батышындагы Саутпорт шаарынын Айнсдейл районундагы пляждан эртең менен шаар тургундары белгисиз жандыктын өлүгүн таап алышты. Бул сүрөт социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жатканын дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жарымы чирип кеткен белгисиз жандыктын узундугу 4 жарым метрге жеткен. "Айнсдейлдеги эмне жандык экенин эч ким билбей жатат. Мүмкүн пилдир, же китпи? Бул желмогуздун төрт канаты бар экен. Эң эле таң калыштуусу, анын узундугу 4 жарым метрди түзөт", - деген жергиликтүү тургун.

Көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары белгисиз жандык уй же жылкы болушу мүмкүн экенин, бирок алар сууда жүрүшү мүмкүн эместигин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
gute
2020-08-03 16:32:16
Дуйнолук океан 2,5 пайызга эле изилденген суунун алдында биз корбогон, билбеген коп нерселер бар
+14
Baatirbek81
2020-08-03 16:32:59
Төрт канаты болсо анда ал ажыдаар болушу мүмкүн)))
+10
bond02
2020-08-03 17:40:16
Суротторду катарынан карап келе жатканда акыркы суроттогу киши эмне экенин билбей башы катып отурабы.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан