Украинанын борбору Киев шаарында Өзбекстандын жараны банктардын бирин басып алып, массалык маалымат каражаттары аркылуу түз эфир берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко жергиликтүү басылмаларга билдирген.
"Ал кандайдыр бир маек бериш үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары түз эфир кылып, ага киришин талап кылууда", - деген Геращенко.
Анын айтымында, банкты басып алган адам коңшу Өзбекстандын жараны. Учурда Киев полициясы аны менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.