Германияда учуучу таксини сыноодон өткөрүштү. Бул тууралуу "Travel and Leisure" басылмасына таянуу менен дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.
Маалыматка ылайык, учуучу такси 4 жүргүнчүнү саатына 100-120 чакырым ылдамдыкта ташуусу мүмкүн. Аны CityAirbus деп аташат. Алар аралыктан башкарылат жана электр энергиясы менен иштейт.
Ойлоп табуучулар келечекте учуучу таксилер адамдарды шаар арасына ташып, жол тыгындарды айланып өтүүгө мүмкүндүк берет деп ишенишет. Дагы бир жакшы жагы учуучу такси эч кандай үн чыгарбайт.
Унаага биринчи сыноо Германияда 2019-жылы декабрда ийгиликтүү өткөрүлгөн. Азырынча кайсы убакта эксплуатацияга берилери белгисиз.