Сицилияда токойчу өрттөнүп жаткан үйдөн 4 баланы куткарып калган

Италиянын Сицилия аралындагы Изнело шаарында токойчу Нунцио Могаверо өрттөнүп жаткан үйдөн 4 кичинекей баланы куткарып калган. Бул тууралуу "Diretta Sicilia" басылмасына таянуу менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, 3 кыз жана алардын тууганы болгон бала үйдө калган. Ал эми ал үйдөгү чоңдор дүкөнгө кетишкен. Үйдүн биринчи кабатында кыска убакытка электр чубалгысы өтө кызып, андан жалын чыгып, өрт чыгып кеткен.
Коркуп, кыйкырган балдардын үнүн биринчилерден болуп 49 жаштагы Нунцио Могаверо угуп, дароо жардамга жетип келет. Ал эшиктен киргенге аракет кылган, бирок бек болгондуктан, балкондон кирүүгө туура келген. Ал балдарды балкондон чыгырып, көчөдө башка топтолгондорго берип, кичинекей балдарды куткарып калышкан.
Тилсиз жоодон токойчу бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген, башка эч ким жабыркаган эмес деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jelezo
2020-08-04 10:00:38
Азамат сендей адамдар көп болсун
+5
Tolkun555
2020-08-04 11:57:33
Азамат кудай бейиш менен сыйласын.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан