Кытайдын Хубэй провинциясындагы Сяньтао шаарындагы химиялык заводдун жарылуусунан 6 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Жазылган маалыматка ылайык, Сяньтао шаарындагы химиялык заводдун жарылуусунан 6 адам каза болгон. Дагы 4 адам жаракат алышкан. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, жарылуу дүйшөмбү күнү кечинде болгон.
Учурда жерине 100 куткаруучу жана 14 өрт өчүрүүчү унаа тартылып, издөө иштери улантылууда деп айтылат маалыматта.