Ноокат районунда алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды

Ноокат районунда алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-июль күнү Ноокат РИИБине Ош шаарынын 29 жаштагы тургуну ошол эле күнү саат 14:30 чамасында, Ноокат шаарында жайгашкан алтын буюмдарды алып-сатуучу дүкөнүнө белгисиз адамдар кирип, 150 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын уурдап кетишкендиги тууралуу арыз менен кайрылган.

Жабырлануучу А.к.С. арызы боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тиешелүү ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгы менен шектүү катары Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын тургуну, мурда соттолгон 53 жаштагы М.А. кармалган.

31-июль күнү тинтүү жүргүзүү учурунда шектүү М.А. Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан турак үйүнүн короосундагы жыйналып турган кыштардын арасынан 8 даана Кыргыз Республикасынын жарандарынын жарандык паспорттору, 2 даана айдоочулук күбөлүк, 7 даана банктык карта, ал эми турак үйүнүн жертөлөсүнүн ичинде жерге көмүлгөн банкадан болжол менен 1 миллион 500 миӊ сомдук алтын буюмдар табылып алынган.

Азыркы учурда далил буюм катары алынган алтындардын так өлчөмү жана баасы такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан