Ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан үйүнө чыгарылды

Автокырсыкка кабылып, ооруканада дарыланып жаткан ырчы Асел Кадырбекова ооруканадан үйүнө чыкты. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында ырчынын ден соолугу учурда жакшы.

"10 күн мурун ооруканадан чыккан. Үйүндө дарылануусун улантып жатат", - деди ал.

Окуянын чоо-жайы: Ырчы Асел Кадырбекова 26-июнда Бишкек шаарында жол кырсыгына кабылган. Эки унаанын кагылышуусунан 3 адам жаракат алган. Кырсык көчөгө орнотулган видео байкоого жазылып калган. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген ырчы кайра жандандыруу бөлүмүнө эс-учун билбеген абалда жаткырылган.

Бишкек ШИИББи кырсыктын чоо-жайы тууралуу айтып, жол кырсыгын жараткан деп шектелген жаранга карата Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган. Ырчы Асел Кадырбековага операция жасалган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dikowka93
2020-08-04 19:54:26
Эми эчкачан ооруба Аселья...дегеле эчбир Жан оорубасынчы
+8
AidaKurman
2020-08-04 22:00:10
Эн Жакшы жанылык. Кубанычтамын.Ооруба Аселя.
+5
algakaray
2020-08-04 23:51:11
Жакшы жанылык. Сакайып кет эртерээк.
+2
Arstan18.18
2020-08-05 20:37:41
Срок соокда Дени соо кыз омур бою жарым жан боюнча калды. Не болсода тынчтык ден соолук каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан