Орусияда Кыргыз жарандарын чартердик каттамга кезексиз тизмеге киргизип беребиз деп акча алган шектүүлөр кармалды

Орусияда Кыргыз жарандарын чартердик каттамга кезексиз тизмеге киргизип беребиз деп акча алган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

28-июль күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну 1994-жылы туулган А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Кайрылууда 17-июль күнү Кыргыз өлкөсүнүн Москва шаарындагы Консулдук бөлүмүнө өлкөгө кайтып кетүү үчүн чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылганы келген. Кезекте турган учурда арыз жазуучу бланктарын келген элдерге таркатып жаткан бала менен таанышып калган. Ал элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттамга кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам берем деп сый акы алган бойдон изин жашырган.

Бул факты Москва шаарынын Якиманка райондук полиция бөлүмүнө катталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында шектүүнүн аты-жөнү такталып, ал Чүй облусунун тургуну 1990-жылы туулган К.М. аттуу жаран болуп чыккан. Азыркы учурда Якиманка райондук ички иштер бөлүмү бул факты боюнча иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Ошондой эле 28-июль күнү ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө Ош облусунун жашоочулары 1998-жылы туулган Н.Г. менен 1986-жылы тулган А.С. аттуу жарандар кайрылышкан. Жабырлануучулар өздөрүнүн кайрылуусунда, белгисиз кыз WhatsApp аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, мекенге учууга жардам берем деп сунуштаган. Анын натыйжасында жогорудагы жарандар 60 миң рублга жакын чыгым болушкан. Бул фактылар Москва шаарынын Котловка райондук полиция бөлүмүнө катталып, процессуалдык текшерүүнүн жыйынтыгы менен “алдамчылык” фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1997-жылы туулган С.А. аттуу жашоочусу кармалып, азыркы учурда Орусиянын мыйзамдарына ылайык, анын баш коргоо чарасы каралууда.

Элчилик эскертет.

Жарандарды тизмеге киргизүү бекер ишке ашырылат жана мигранттарга жардам көрсөтүү иретиндеги ортомчулук кызматтар кайтарымсыз негизге көрсөтүлөт. Укукка каршы келген жогорудагыдай фактыларга дуушар болсоңуздар Кыргыз Республикасынын ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө - predstavitelstvomvd@mail.ru электрондук почтасына же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефондоруна кайрылуу кажет. Купуялуулукка кепилдик берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Imon7
2020-08-04 16:20:52
Алдагы былчыйган мурдунду бетин менен бирдей кылып тегиздеп койсо
+4
Suzak12
2020-08-04 16:29:13
Элдерди 40000 рубльдан акчаларын алып чек арага алып барып таштап оздору кетип калгандарды да кармаса экен элдер же акчадан жок же уйу жок жолдо калып кыйналып жаткандар ото коп.
0
bond
2020-08-05 16:31:01
Suzak12,баргандардын башы бар бекен.
0
baku24
2020-08-04 16:38:30
Чек арага келген элди малдар дейбиз, мына малдар. Ушинтип ортого ортомчуларды койуп элчилик акча жебей очиред менен кетиргенде 3.4 айлап куткордор чек арага тобокелге салып барышбайт болчу. Биздин карапайым бесара бийлигибиз мал.
-5
-BOSS-
2020-08-04 16:47:10
baku24,Ортомчуларды бийлик дайындап коюптурбу ошол ортомчуларга ишенбей элчиликтин сөзүн укса болот беле? "Кезексиз тизмеге киргизебиз" деген сөзүнө кантип ишендиңер. Кандай эле бирөөгө алданып бийликти күнөөлөй бересиңер, бийлик колунан келгенин кылып жатат, алардын ахыбалы ушул.
+6
baku24
2020-08-04 23:46:29
-BOSS-, ортомчуларын ошо элчиликте иштегендердин адамдары клиент таап кел, ортодон иштейбиз деп. Келип атышбайбы акча берип анан списикго илештик деп. Корбосок бир жон. Булар эртен эле элчиликтин жардамы менен суудан ак чыгып кетет. Башкасын таза десен да Элчиликте иштегендерди актабай эле кой.Элге бирди суйлоп жен ичинен иш бутуруп конуп калган. Ошончо талаа жеринде кыйналып жаткан мигранттардын да назары бардыр. Кудай карап турат
0
KG-zigit
2020-08-04 16:39:54
Оздон чыккан жат жаман
Озоктон чыккан орт жаман!!!
+7
Apyn8793
2020-08-04 22:17:50
Элчиликте иштеп, ортомчу болуп, акча алып жаткан мам.кызматкерлерибизди кармашса ушинтип. Элчиликте иштеп ушундай кырдаалда кете албай жургон мигранттардан акча ондуруп аткан кызматкерлер жеген акчанар к.тунордон эле чыгып кетсин
+1
Jibakana
2020-08-04 22:34:34
Апчемде эмне жок кыз башы менен?
+1
Genka
2020-08-05 14:11:52
Чартердик каттам уюштурдук деп реклама кылып еще аларга билетти 40000ден сатып аткан болсо,анын эмнеси жардам экен?Кайрадан эле элди кууратып атыптыр го бул жегичтер!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан