Казакстандын күрөш боюнча үч балбаны жол кырсыгынан каза болду

Коңшу Казакстандын эркин күрөш боюнча үч балбаны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 3-августта болгон. Анда беш балбан бир унаа менен Жамбыл облусундагы кең көчөдө кырсыкка учураган. Натыйжада эркин күрөш балбандары Жаксыбек Карабалаев жана Байбазар Жанбота окуя болгон жерден көз жумган.

Бүгүн, 4-августта эл аралык даражадагы спорт чебери болгон Ильяс Жумай ооруканадан каза болгон. Маркум 23 жашка чейинкилер арасында Казакстандын чемпиону эле. Ал жаштар арасындагы Азия чемпионатында жана башка бир топ эл аралык турнирлерде жеңүүчү аталган.

Учурда дагы эки балбан, тагыраагы Зауытбек Нурдаулет жана Шыңгысхан Мухаметкалиев өмүрү менен күрөшүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
oscar
2020-08-04 16:06:02
Ыйманы саламат болсун, жаман болуптур
+3
Sergei_88
2020-08-06 03:02:24
Аллахым бейишинен орун берсин!Жаткан жерлери жайлу,топурагы торко болсун ооомиииин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан