Кыргыз Премьер-Лигасы 7-августта жанданат

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги ишмердүүлүктү баскычтуу кайра жандандыруу боюнча өкмөттүн жарлыгын эске алып, өлкөнүн футбол боюнча чемпиондугун жандандыруу чечимин жактырды. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өлкөдө түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен Кыргыз футболдук союзунун Аткаруучу комитети турнирди 2 айлампа менен өткөрүү чечимин кабыл алды. Чемпиондук борборлоштурулган таризде өтүп, бардык оюндар Кант шаарында орун алат.

Коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.

Турнир Кыргыз Спорт Тв каналында онлайн көрсөтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан