Бишкекте турак үйгө кирип, сейфтен 2 миллион сомдон ашык акчаны уурдаган шектүүлөр кармалды

Сейфтен 2 миллион сомдон ашык акча уурдаганга шектелген жарандарды Ленин РИИБинин кызматкерлери кармады. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-май күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү Пушкин көчөсүндө жайгашкан үйүнүн терезесин сындырып, сейфтеги акчасын уурдап кеткени жазылган. Сейфте 2 миллион, 1 миң 400 доллар, 625 евро жана 250 миң рубль бар болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында шектүү катары 1979-жылы туулган К.И. жана 1975-жылы туулган Т.Т. аттуу жарандар кармалган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, алар эки айга СИЗО-1ге камакка алынды.

Учурда шектүүлөрдүн башка ушул сыяктуу кылмыш иштерге тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Alia82
2020-08-04 19:36:04
Дөөдөй болушуп адал иш кылса деле булардан иш качып кутулбай турган адамдар экен
+2
Jelezo
2020-08-04 20:18:59
Ушуга окшогон кылмышкерлерди камап алып багып отурбай туалеттерди,көчөлөрдү тазалатып 14 сааттан иштетсе кичине мамлекетке пайда болот беле.
+3
Majit1975
2020-08-04 23:24:20
Бизликине төрт айдан ашты дагы эле табыша элек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан