"Баасы 26 миң доллар". Саламаттыкты сактоо министрлигине 5 "Тез жардам" унаасы берилди

"Ильшат" коомдук фонду тарабынан республикабыздын саламаттыкты сактоо уюмдарына бөлүштүрүп берүү үчүн керектүү медициналык жабдуулар менен жабдылган 5 "Тез жардам" унаасы сатып алынып, анын төртөө бүгүн Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылды. Бир автоунаа буга чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы аймактык ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Аталган фонддун өкүлү Тилек Жээнбековдун айтымында, ар бир автоунаанын наркы 26 миң АКШ долларын түзөт.

"Жаралган оор кырдаалга карабастан, өз күчүн, ден соолугун аябастан элибизге кызмат кылып жаткан дарыгерлерибизге «Ильшат» коомдук фондунун атынан ыраазычылыгымды билдирем. Саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылып жаткан бул "Тез жардам" автоунаалары илдет менен тынымсыз күрөшүп жаткан дарыгерлерибизге жардамы тийсин деген ниетте белек катары тапшырып жатабыз", - деди фонддун өкүлү Тилек Жээнбеков.

"Ушундай оор мезгилде керектүү жардам көрсөтүп жатканы үчүн «Ильшат» коомдук фондуна министрликтин атынан ыраазычылык билдирем. Тапшырылган "Тез жардам" унаалары балдар ооруканаларына ылайыктуу болгондуктан, 2 унаа Бишкек шаарындагы №3 шаардык клиникалык тез жардам балдар ооруканасына, 2 унааны Ош шаарындагы облустар аралык балдар ооруканасына тапшырууну туура көрүп жатабыз", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurbek56
2020-08-04 19:47:29
26.мин долларга Дамас вай азыр довления болуп калам ха-ха-ха
+4
Kattaldym
2020-08-04 19:57:23
nurbek56, сен экөөбүздүн Дамас эмес дамастын д сынчалык да жардамыбыз тие элек болсо керек...Так что күлбөй эле койсок жакшы болмок хахалап...
+10
daniel87
2020-08-04 20:14:02
Kattaldym,жакшы соз ооздон чыкпаган адамдан эмее кутсо болот замандашым, азыр элдер жакшы созун аяй турган маал болуп калган окшойт!
+2
daniel87
2020-08-04 20:13:02
nurbek56,дамазбы башка медициналык тез жардам унаалары кымбат болот, эми башка бироонун эл дуртка берген белек жардамына ыраазы болуп койуу жетиштуу болуш керек, озгонун, озундун ар бир жетишкен нерсеге ыраазы болуп кубанганды уйронунуз! Озун бере албайт, бергенди коро албайт дебей
+2
Jelezo
2020-08-04 20:15:57
nurbek56, өзүң бир нерсе жардам кылдыңбы же уялчак депутаттай болуп уялып жүрөсүңбү.
+4
Sakubek
2020-08-04 20:24:57
AMBULANCE Дегенди дайыма тетири жазып коюшат го, ким билет ушуну, неге андай
+5
-BOSS-
2020-08-04 20:39:21
Sakubek, жолдо баратканда сиренасын жагып баратканда алдындагы машиналар күзгүдөн караганда туурасын (AMBULANCE) деп окулат, аны көрүп дароо жол бошотушат.
+7
aziret-92
2020-08-04 20:41:27
Sakubek,Алдындагы машинанын кузгусунон Караганда он окулат,,тескери жазуу алдындагы машиналар учун..."аа тез жардам унаасы экен деп алдыдагы машиналар жол бошотуп беришет"☺️
+6
eddi.
2020-08-04 21:49:30
Бул дамастын артына адам жатса батат бекен же,буту чыгып салаңдооч болуп калат бекен
+6
talaa11
2020-08-04 21:54:04
Биздин айылда ыктыярдуу агалар акча топтоп Больницага Хонда Степ улгусундогу тез жардам унаасын алып беришти жети мин долларга ал машина бул дамасдардан Караганда он эсе артык и баасы дагы арзан
+3
batleybesh
2020-08-05 14:53:09
talaa11,7мин доллар степ 5мин доллар дамастан арзан бы? Акылынан сенин)))
+1
patiydin
2020-08-05 08:28:01
Урматтуу Элим! Акчасы канча болсода элибиздин Патриот Жигиттерине колунан келген жардамын берип жатканыны РАХМАТ!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан