Netflix компаниясы видео оюндар тууралуу даректүү тасма тартат

Netflix компаниясы видео оюндар тууралуу кыска метраждуу даректүү тасма тартат. Бул тууралуу чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Анда айтылган маалыматка ылайык, кыска метраждуу даректүү тасмада 20-кылымдын аягынан баштап жаралган видео оюндар тууралуу баяндалмакчы.

Тасмага колдонуучулар арасында популярдуу болгон видео оюндардын жаратуучулары катышат. Тасма "High Score" (Жогорку упай) деп аталып, ал 6 эпизоддон турат.

Даректүү тасмада "Space Invaders", "Pac-Man", "Mortal Kombat", "Doom", "Final Fantasy", "Street Fighter II" жана "Sonic the Hedgehog" оюндарынын жаралуу тарыхы жана башка кызыктуу учурлары баяндалат. Тасма ушул жылдын 19-августунда экранга чыгары айтылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан