Испанияда кардарларды мобилдик тиркеме менен тейлеген алгачкы ресторан ачылды

Испаниянын түндүк-чыгыш аймагында жайгашкан ресторан адамдардын бири-бири менен болгон байланышын азайтуу максатында кардарларды мобилдик тиркеме менен тейлеген алгачкы ресторан болду. Мындай маалымат чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка караганда, кардарлар телефонуна алгач атайын мобилдик тиркеме көчүрүүсү керек. Андан соң тиркеме аркылуу эле тамактарды тандап, буюртма беришет. Буюртма кабыл алынып, тамак жасалып жатканы жана даяр болгону кардарга маалым болуп турат. Тамак даяр болгондо кардар өзү барып алып келет. Төлөмдөр да телефон аркылуу кабыл алынат. Муну менен кардар менен официанттын байланышын азайтуу менен коронавирустук инфекциянын таралуу коркунучун алдын алууга мүмкүн болот.

Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда жалпы 297 миң 54 адамдан коронавирус аныкталды. 28 миң 472 адам каза болсо, 150 миң 376 бейтап айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2020-08-05 00:03:24
Россияда бар го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан