"25 жаштагыдай". Нидерландынын 53 жаштагы тургуну жаш көрүнүүнүн сыры менен бөлүштү

Нидерланды өлкөсүнүн тургуну Эдсон Брандао учурда 53 жашта. Бирок аны биринчи көргөн адам 25те деп ойлойт. Себеби ал өзүнүн жашынан эки эсе жаш көрүнөт. Ал өзүнүн жашоо образы, жаш көрүнүүнүн сырлары менен жергиликтүү басылмаларга берген маегинде бөлүшкөн.

Эдсон Брандаонун айтымында, аны менен биринчи жолугуп жаткан адамдар жашын укканда таң калганын жашыра алышпайт. Ал эми айрымдары эч ишенбейт. Брандаону көпчүлүгү пластикалык операция жасаткан деп ойлошот, бирок ал ушул күнгө чейин пластикалык операция жасатпаганын билдирген. Жаш көрүнүүнүн сырын туура тамактануу, терисине туура кам көрүү, спорт менен машыгуу жана позитивдүү ой жүгүртүүсү менен түшүндүргөн.

Мындан тышкары ал кум шекер, куурулган жана майлуу тамактарды, тез даярдалуучу татымдарды колдонбойт. Ошондой эле чылым чекпейт алкоголдук ичимдиктерди ичипейт, баңги затын да колдонбойт. Анын айтымында, 53 жашта болгонуна карабай, өзүн 25 жаштагыдай эле күч-кубаттуу сезет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
baku24
2020-08-04 23:55:39
оггооо
+2
Sajakat14
2020-08-05 00:04:29
Укмуш. Кыргыздар майлуусун дагы,куурулганын дагы, сахарын дагы ак ундан жасалган тамак аштарды укмуш эле жейбизда.
+11
expert.007
2020-08-05 00:13:09
Эч кандай жаш көрүнбөйт. 50 жаштагы кишиге эле окшоп турат
-17
urmat94
2020-08-05 00:45:29
expert.007,очкини такпай койгон окшойсун, очкини тагып карасан
+11
Jibakana
2020-08-05 10:03:40
expert.007,Сенин тууганын же атан 50жашта ушундай корунобу?
+4
oscar
2020-08-05 00:49:20
Бир журналист эң көп жашаган грузинге интервью алганы барат экен, грузиндин себептерин сурап жатат дейт:
Ичесизби:
-жок өмүрүмдө ичип көргөн эмесмин дейт.
Чегесизби:
-жок өмүрүмдө чегип көргөн эмесмин дейт.
Аял алгансызбы:
-жок өмүрүмдө үйлөнгөн эмесмин дейт.
Журналист а сыры ошондо экен деп кетейин десе кошуна бөлмөдөн катуу кыйкырык угулат, ал эмне болду деп грузинден сураса:
-ал менин агам болот кап этпениз, ичип келсе эле аялдарын сигарет таап
+1
oscar
2020-08-05 00:51:02
oscar,кел деп уруша берет деген экен. Эми кимден интервью алыш керек?
+1
Blueaffair
2020-08-05 01:07:16
25 эмес 35 тей корунот экен ошентседа молодец
0
Kyrgyz_bloger
2020-08-05 01:21:30
Жаш корунгон мага жакпайт,баардык нерсе озунун убагы менен болгону жакшы го,балким маданиятуу олколордо жакшы болушу мумкун бизде жакшы эмес озун тендуу тааныбагандар братишка деп уят кылат,ар бирине мен мынчанчы жылкымын деп айтасын,ишенбегендер коп мен 29 жаштамын озумдун жашыман он жашка жаш коруном,тааныбагандарга 19-20 жаштамын десем либою ишенет,бирок менде тиги кишидей териге кам коруу,тамакты тандап жеш жок,генетикадан окшойт.
+3
Targarien
2020-08-05 03:29:33
Kyrgyz_bloger, Боюнар кичинеби
0
Kyrgyz_bloger
2020-08-05 03:50:50
Targarien,жоок,ал бойдон байкалбайт беттин тузулушунон жузундон байкалат,бойу кичинекей чон эле корунгон адамдар толтура го.
0
Targarien
2020-08-05 03:27:10
Спорт менен машыкса ошондой денеге ээ болобуз биз деле. Бети болсо пластика окшойт. Оозу, коздору жасалмадай
+1
Bars88
2020-08-05 09:20:08
Бир чал кемпир олуп бейишке чыгышат экен.Экоо бейишти кыдырып журушуп эле чалы кемпирин бир урат экен.Кемпири тушунбой эмне уруп атасын десе чалы сен кунуго эт май жебе эрте карыйбыз дей берип кеч олдук эртерек олгондо бейиште жыргап жашамак экенбиз деген экен.Ар нерсенин убагында менен болгон жакшы баласы менен тендер сенсирейт
+1
Krai
2020-08-05 16:58:15
Чындыгында жаш көрүнөт экен
0
Kuyoo_bala
2020-08-05 22:45:10
Жаш жаш кыздарды чыпылдатып журсо керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан