Биз социалдык тармакта

Ливандагы катуу жарылуудан каза болгондордун саны 78ге жетти

Ливандын борбору Бейрут шаарындагы порттогу жарылуудан каза болгондордун саны 78ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Маалыматка ылайык кечээ, 4-августтагы Бейрут шаарындагы катуу жарылууда каза болгондордун саны 78ге жетип, 4 миңден ашуун адам белгисиз болууда. Мындан улам ливан өкмөтү каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экендигин айтышууда. Себеби көптөгөн адамдар дагы деле белгисиз болууда.

Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккан.
Учурда жарылуу болгон жерде издөө иш-чаралары улантылууда.
Кечээ Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон.
Ливандагы жарылуу 78 кишинин өмүрүн алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан