АКШда компьютердик "мышты" жасап чыккандардын бири Уильям Инглиш каза болду

АКШда компьютердик "мышты" жасап чыккандардын бири Уильям Инглиш каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, компьютердик "мышканы" (чычканды) жасап чыккандардын бири Уильям Инглиш 92 жаш курагында дүйнө салды. Ал дем алуу көйгөйлөрүнөн улам көз жумган.

Уильям Инглиш 1929-жылы (Кентукки штаты) Лексингтон шаарында инженер-электриктердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Кентукки штаттындагы Электротехника университетин бүтүргөн.

1964-жылы Уильям Инглиш Дугласа Энгельбарт лабораториясында иштеп калат. Ал алгачкы компьютердик "чычканды" жасап чыгууга катышат.

Алгачкы "чычкан" жыгачтан жасалып, кичинекей дөңгөлөктөрү жана бир баскычы болгон. Анын зымы чычкандын куйругуна окшош болгондуктан ушул аталышты алып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан