Баткенде жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 2 киши жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районуна караштуу Кызыл-Жол айылында Дэу Матиз унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1967-жылы туулган эркек адам каза болуп, дагы 2 эркек киши жабыркады. Кырсык катталган жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамды унаадан чыгарып Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Ал эми жабыркаган адамдарды "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен.