ШКУга мүчө мамлекеттер биргеликте эл аралык терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы аракеттерди көрөт. Бул маалымат бүгүн, 13-сентябрда ШКУнун саммитинде кол коюлган Бишкек декларациясында жазылган. Декларацияда ШКУга мүчө мамлекеттер улуттук деңгээлдеги уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз түрдө баңгизатынын, психотроптук заттардын, курал-жарактардын, жарылуучу заттардын айланышына жана мыйзамсыз миграция маселелеринде нормативдик базаны мындан ары дагы жакшыртууда биргелешип иш алып барышары да жазылуу. Аймактардын коопсуздугунда глобалдуу коркунуч жараткандыктан, терроризм, экстремизм жана сепаратизм менен күрөшүү боюнча ШКУнун конвенциясын жана аталган көрүнүштөр менен күрөшүүгө багытталган 2013-2015-жылга болгон программаны практика жүзүндө ишке ашыруу маселеси да камтылды документте.