Ливанда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды (фото)

Кечээ, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болгон. Азыркы маалыматтар боюнча кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 78ге жетти. Мындан улам Ливанда 3 күндүк аза күтүү жарыяланды. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Бейруттагы ооруканалар бейтаптарга толгон. 4 миңден ашуун адам белгисиз болууда. Аларды издөө иштери жарылуу болгон жерде уланып жатат.

Кырсыктын кесепетинен жабыркагандардын саны барган сайын өсүүдө.

Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан