Бөдөш Мамырова Улуттук консерваториянын ректору өкмөттүн токтомун аткарбай жатканын сынга алды

Бүгүн ЖКнын жыйынында депутат Бөдөш Мымырова Улуттук консерваториянын ректору Муратбек Бегалиевдин аталган окуу жайга Калый Молдобасановдун ысымын ыйгаруу боюнча өкмөттүн токтомуна каршы чыгып, аны аткарбай жатканына өз пикирин билдирди. "Консерваториянын ректору Маданият жана туризм министринин отставкасын талап кыларын, эгер орундалбаса элди көтөрүп чыга турганын айтты. Бул эмне дегендик? Мен аны ЖКнын тармактык комитетинин жыйынына чакырам",- деди Мамырова. Депутат кыргызга кызматы сиңген Калый Молдобасановдун ысымын консерваторияга ыйгаруу туура экенин белгиледи.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан