Акыркы 7 айда велосипед тепкендердин катышуусунда 71 жол кырсыгы катталды

Милициянын кайгуул кызматы велосипед менен жүргөн жарандарга жол эрежесин так сактоого чакырат.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь айынан тартып, бүгүнкү күнгө чейин велосипед менен жүргөн жарандардын катышуусунда 71 жол кырсыгы катталган. Анын жыйынтыгында 69 жаран ар кандай жаракаттар менен жабыркап, анын ичинен 2 жаран жол кырсыгынан улам көз жумган.

Жогорудагы келтирилген фактыны эске алып Милициянын кайгуул кызматы велосипед менен жүргөн жарандарга төмөндөгү эрежелерди так сактоого чакырат:

Бир колдоп эмес эки кол менен велосипедди башкаруу;

Жаш балдарды муктаждык болбосо кошумча орунга отургузбоо;

Велосипед менен кошумча жүк ташыбоо;

Жеке коопсуздук үчүн башка жөө жүргүнчү жана унаа башкарып келе жаткан айдоочуларга жолтоо болбош үчүн жөө адамдар өтүүчү жайлардан өтүүдө велосипедден түшүп жетелеп өтүү;

Түнкү убакта жүргөн учурда атайын жарык берүүчү же жарыктандыруучу шаймандарды колдонуу.

Азыркы учурда Милициянын кайгуул кызматкерлери велосипед менен жүргөн жарандарга карата өзүнүн коопсуздугу үчүн жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү профилактикалык иштерди жүргүзүүнү улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан