Ливанда болгон жарылуунун кесепетинен 78 адам набыт болгонуна байланыштуу өлкөдө 3 күндүк аза күтүү жарыяланган. Трагедиялуу окуяны жергиликтүү маалымат булактары тынымсыз чагылдырып, бийлик өкүлдөрүнүн кайрылууларын маалымат каражаттары аркылуу берип жатышат.
Өлкөнүн алдыңкы телеканалдарынын бири Бейрут шаарынын губернатору Марван Аббуддун окуя тууралуу айткан сөзүн эфирге чыгарды. Анда губернатор журналисттерге комментарий берип жатып, окуяны 1945-жылы Япониядагы болгон жардырууга окшотуп, эмоциясын жашыра албай, ыйлап жиберген.
"Жарылуу Япониядагы Хиросима жана Нагасакидеги окуяларга окшош болду", - деген ал. Аббуд ошондой эле жарылуу болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр тобунун бири менен байланыш үзгүлтүккө учураганын, өрт өчүрүүчүлөрдүн турган жери азырынча белгисиз экенин да билдирген.