Кечээ, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу катталган. Жарылуудан 78 адам каза болуп, 4 миңден ашуун адам жаракат алган.
Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккандыгын билдирген.
Учурда жарылуу болгон жерде издөө иш-чаралары улантылууда. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн.