"Батыштын акчасы жыттанып турат". Украиналык эксперт Тихановскаянын компаниясы Батыш тарабынан каржылана турганын айтты

Киевдеги саясый изилдөөлөр жана конфликтология борборунун директору Михаил Погребинскийдин айтымында, Беларуста президенттикке талапкер Светлана Тихановскаянын шайлоо өнөктүгү Батыш тарабынан каржыланат.

Бул тууралуу ал журналисттерге маалымат берип жатып айткан.

"Аларга акча кайдан келип жатканы - бул башкы маселе. Болуп жаткан саясий стратегиялар кандайдыр бир гранттар менен төлөнгөн деген божомолдор бар. Бул жерде батыштын акчасы жыттанып турат”, - деген Погребинский.

Буга чейин Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко президенттик шайлоодо анын башкы атаандашы болгон Тихановская жана аны менен аттанган тарапташтарын "алардын артында тургандар эмне дегенин билбеген, өз принциби жок, кылган ишин түшүнбөгөн бактысыздар" деп айткан.

Беларусияда 9-августта президенттик шайлоо өтөт. Ага 5 талапкер менен кошо учурдагы президент Александр Лукашенко да катышат.

Бирок шайлоо жакындаган сайын эл тарабынан нааразычылыктар күчөп жатат. 30-июлда өткөн Минск шаарындагы нааразычылык акциясына 63 миңге чукул киши катышып, митинг 10 жыл аралыгындагы беларусиялык оппозициянын эң көп эл чогулган акциясы болуп калганы маалымдалган.

Эске салуучу жагдай, Александр Лукашенко 26 жылдан бери тактыда отурат. Ал үчүн тактыда кармалуунун аягы жакшы бүтпөшүн эксперттер божомолдоп, ар кандай пикирлерин айтышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан