Бишкек шаардык милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарып беришти

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери адашып кеткен баланы ата-энесине кайтарып беришти. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кечээ, 4-август күнү эртең мененки саат 08:00 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлору чоңдордун коштоосу жок жүргөн жашы жете элек баланы Ахунбаев жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде таап алышкан. Ал чолок шым жана бутуна эки башка бут кийим кийип жүргөн, ал эми үстүндө кийимдери жок болгон.

Бала менен сүйлөшүүдө ал жашаган жерин түшүндүрө алган эмес. Ошондуктан милиция кызматкерлери аны Октябрь РИИБине алып келишкен. Ата-энесин издөө иштери башталып, бир канча убакыттан соң кызматкерлер атасы Ц.К. аттуу жаран менен менен байланышып, керектүү документтерин көрсөткөн соң 2006-жылы туулган А.А. аттуу баланы атасына түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң кайтарып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан