Бишкекте жеңил унаа менен скутер кагышып, кичинекей бала жабыркады

Бүгүн, 5-августта саат 12:00 чамасында скутер менен автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алды.

Күбөлөрдүн айтымында, Тойота үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу батыш тарапты көздөй айдап бара жатып, скутерди байкабай калган. "Кагылышуунун натыйжасында, атасы менен скутерде бараткан жаш бала оор жаракат алган. Аларды ооруканага алып кетишти” - деп билдиришкен күбөлөр.

Ал эми аталган кырсык тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына төмөнкүнү билдиришти. "5-августта болжол менен саат 12:00 чамасында Салиев көчөсү менен Айтматов көчөлөрүнүн кесилишинде Тойота үлгүсүндөгү автоунаа менен скутердин катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада скутерди башкарып бара жаткан жаран жана анын жанындагы 5 жаштагы баласы жабыркап, ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда скутер менен автоунаа айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан