Бейрут шаарындагы ири жарылуудан кийинки келтирилген зыян айтылды

Кечээ, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу катталган. Жарылуудан 78 адам каза болуп, 4 миңден ашуун адам жаракат алган. Шаар губернатору Марван Аббуд порт жарылуусунан келтирилген чыгымды 3 миллиарддан 5 миллиард долларга чейин баалаганын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Анын айтымында, зыяндын көлөмү дагы өсүп, 5 миллиард доллардан ашык болушу мүмкүн. Жарылуунун натыйжасында Бейруттун жүздөгөн тургундары үй-жайсыз калышкан.

Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккандыгын билдирген.

Учурда жарылуу болгон жерде издөө иш-чаралары улантылууда. Каза болгондордун саны дагы да өсүшү мүмкүн.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан