Дональд Трамп Ливандагы жарылууну чоң чабуул деп атады

Ливандын борбору Бейрут шаарындагы жарылуу чоң чабуул болушу мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп маалымат жыйыны учурунда айткан.

"Бул өндүрүштүк жарылуу эмес окшойт. Биздин айрым генералдар жарылуу чоң чабуул болушу мүмкүн деп эсептешет. Алардын ою боюнча, бул кол салуу болду. Жарылууда көптөгөн адамдар каза болуп, миңдеген адамдар оор жаракат алды. Америка Ливанга жардам берүүгө даяр", - деген Трамп.

Бейрут шаарындагы жарылуу кечээ, 4-августта болгон. Ливандын премьер-министри Хассан Диябдын айтымында, жарылуу порттогу 6 жыл аралыгында 2 миң 750 тонна аммиак селитрасын талаптагыдай сактабагандыктан келип чыккандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
-BOSS-
2020-08-05 19:53:05
АКШ нын эси дарты эле согуш, булардын оюна койсоң жардам беребиз, муну ИГИЛ кылды деп Ливияны Сириядай кылып коюштан кайра тартышпайт.
ИГИЛ деген саясат-терордук уюмдун башында дал ушул АКШ турат, булардын максаты мусулмандарды дүйнөгө жаман көрсөтүү!
-8
orun
2020-08-05 22:25:50
-BOSS-,мен дагы ушундай ойдомун.
-12
HATO
2020-08-06 00:48:31
-BOSS-,Вангсынго хаха
+6
futboler
2020-08-05 22:37:35
АКШ шылтоо таппай эле турат, булардын ою кантип болбосун аскерлерин киргизип согуш баштоо.
-8
Bars.
2020-08-05 23:24:11
Ооба бул чабуулболду. Чабуулду АКШ уюштурду.
-8
aerforce
2020-08-05 23:36:04
АКШ жон эле оз окатынды кылчы кайраштырып уруштурганды жакшы корушот ошондон акча табышат каякта болсо мурдун тыгып
-9
Tyty1990
2020-08-06 00:08:09
Америка бүт дүйнөнү басып алып мусулмандарды кул кылгысы келет
-12
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан