Олимпиада оюндарынын катышуучусу жана сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону, казакстандык суучул Виталий Худяков Кыргыз өлкөсүнүн бермети болгон Ысык-Көлдү сүзүп өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, суучул Ысык-Көлдү 2-августта сүзүп өтмөк. Бирок туруксуз аба ырайынын кесепетинен 2-3 күнгө жылдырылган. Анын машыктыруучусунун айтымында, учурда уюштуруу тобу аба ырайынын туруктуулугун күтүп жатышат.
Виталий Худяков Чолпон-Ата шаарынан Кажы-Сай айылына чейин сүзөт. Аралыгы 53 чакырымды түзөт. Сүзүү учурунда аны суучулдар коштоп жүрөт.