Чүй облусунун Сокулук районундагы Ново-Павловка айылында 57 жаштагы жаранды тоноого шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
"Сокулук районунун ички иштер органдарына жергиликтүү 57 жаштагы Б.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 8-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Ново-Павловка айылындагы көчөлөрдүн биринен белгисиз бала ага күч колдонуп, “Айфон” үлгүсүндөгү эки телефонун жана акча каражатын тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене ("тоноо") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Сокулук районунун ИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, Сокулук районундагы жаңы конуштардын биринин жашоочусу 27 жаштагы М.Д. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.