Жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремовдун унаасынан белгисиз жүргүнчүнүн издери табылды

Жол кырсыгына кабылган орусиялык актёр Михаил Ефремовдун унаасынан белгисиз жарандын издери табылды. Бул тууралуу экспертизанын жыйынтыгында белгилүү болгонун жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, экспертиза кырсык болгон учурда актёр унаада мас абалында жалгыз болгондугун аныктаган. Бирок анын унаасынан башка адамдын тери жана эпителий клеткалары табылган. Адистер белгисиз жүргүнчүнүн жынысын аныктай алышкан эмес.

Мындан тышкары Ефремовдун унаасынан баңги заты табылган.

8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
altynka95
2020-08-05 23:45:49
Эми белигисиз адамда куноону оодарып койгулары келтат окшойт
+4
Tyty1990
2020-08-06 00:06:41
Эптеп ушинтип делону жабышат
+3
Raihan0602
2020-08-06 11:17:21
Орустар честный болушат го пара бергенди да билишпейт болуш керек
+1
bond
2020-08-06 11:52:04
Raihan0602,ух каяктагыны айтасында пара менен коррупция ушуларда да.
+4
Jibakana
2020-08-06 22:30:00
bond,Кыргызбайларга жетпесе керек)))
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан