Ливандагы жарылуунун болжолдуу чыгымы канча болору айтылды

Бейрут шаарындагы катуу жарылуунун кесепетинен шаардын чыгымы 15 миллиард долларды түзүшү ыктымал. Бул тууралуу аталган шаардын губернатору Марван Аббуд билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Кырсык өлкөгө 10-15 миллиард долларга чейин чыгым алып келиши мүмкүн", - деген Марван Аббуд.

4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарында катуу жарылуу болгон. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктан каза болгондордун саны 135ке жетти. 5 миңге чукул адам жаракат алышкан.
Бейрут шаарындагы ири жарылуудан улам эки аптага өзгөчө абал режимин киргизүү чечими кабыл алынды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан