Париждеги Эйфель мунарасынын чырактары Бейрут шаарындагы жарылуудан каза болгондорду эскерүү үчүн өчүрүлдү. Мындай чечим шаар мэри Анн Идальго тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, түн ортосунда өлкөнүн башкы көркөм жерлеринин бири болгон Эйфель мунарасынын жарыктары өчүрүлгөн.
"Бул күн Бейруттагы жарылуудан каза болгондордун баарынын жаркын элесине арналат", - деп шаар мэри Твиттердеги баракчасына жазган.
Ошондой эле өлкө бийлиги Ливанга 100 миң евро өлчөмүндө жардам жөнөтүү ниети бар экендигин билдирген.