Тажикстанда финансылык кыйынчылыктарга карабастан, 1-сентябрдан баштап айлык маяна, пенсия жана стипендия көбөйтүлөт. Бул тууралуу дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары расмий маалыматтарга таянуу менен жазышууда.
Ага ылайык, коронавирус пандемиясында финансылык кыйынчылыктарга карабастан, 1-сентябрдан баштап айлык маяна, пенсия жана стипендиянын көлөмү көбөйтүлөт. Анда айлык маяна, пенсия жана стипендия 10-15 пайызга, укук коргоо органдары жана аскер кызматкерлеринин маянасы 10 пайызга көтөрүлөрү айтылат.
"Ушул жылдын бюджетинен тиешелүү каражат каралды", - деп билдирген финансы министри Файзиддин Каххорзода.