Жалпы республикалык тестирлөөнүн ката берилген сертификатынын айынан абитуриентти жогорку окуу жайларга кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу журналист Кайыргул Урумканова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, абитуриент кыздын атасынын аты ката менен жазылып калган сертификатты беришкен. Ал кыз катаны көрүп айтканда, эч нерсе болбойт жогорку окуу жайга тапшыра берсе болот деп коюшкан. "Бирок ЖОЖдун кабыл алуу комиссиясы документтерди кабыл алуудан баш тарткан. Туура кылышкан. Эмнеге башкалардын кетирген катачылыктарына жооп бериши керек? Буга ким жооп берет?" - деген Кайыргул Урумканова.
Бул боюнча Билимди баалоо жана усулдар борборуна байланышканыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык.
"Эгер сертификат туура эмес берилип калса, бир күн ичинде аны кайрадан алмаштырып бере алабыз. Бул жерде дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок", - дешти алар.