Бүгүн, 13-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында саммиттин бардык катышуучулары чогуу сүрөткө түшкөн соң Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму башталды.
Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтүп жаткан жолугушууга бардык ШКУга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин делегациялары катышууда. Өз сөзүндө мамлекет башчы саммиттин иши жемиштүү жана натыйжалуу болоруна ишенерин айтты. Ал ошондой эле Тажикстанга жана президент Эмомали Рахмонго алдыдагы ШКУда төрагалык кылуусуна ийгилик каалады. Алмазбек Атамбаев белгилегендей, ШКУга төрагалык кылган учурда Кыргызстан өзүнүн алдына уюмдун биринчи кезекте чечилүүчү маселелерин жана анын андан аркы өнүгүүсүн иш жүзүнө ашырууну максат катары койгон. Мамлекет башчы уюм боюнча бардык өнөктөштөргө кыргыз тарапка төрагалык кылган учурундагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
"Уюмдун былтыр аткарган ишинин негизги натыйжалары жана ШКУ мейкиндигинде жана жалпысынан бүт дүйнөдөгү кырдаал тууралуу айтып жатып, аймакта жана бүт дүйнө жүзүндө абал татаал бойдон калып жатканын моюнга алуу керек. Жакынкы Чыгыштагы, өзгөчө Сирия, Түндүк Африкадагы кырдаалдын курчушу тынчсызданууну жаратууда. Кыргызстан ШКУ боюнча өнөктөрдүн позицияларын тең бөлүшөт жана бул аймактагы тынчтыкка жана туруктуулукка саясий-дипломатиялык каражаттар аркылуу жетишүү керектигин колдойт", - деди Кыргызстандын президенти.
Алмазбек Атамбаев аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселесинде бүгүнкү күнгө дейре Ооганстан тараптан болуп жаткан коркунучтарды жоюу негизги фактор бойдон калып жатканын белгилеп "коопсуздукту камсыздоодо эл аралык күчтөрдүн аскердик күчтөрүн кыйла кыскартуу өңүтүндө бул өлкөдөгү кырдаалдын өнүгүшү өзгөчө тынчсыздануу жаратууда",- деди.
Мамлекет башчынын айтымында, ШКУ Ооганстанды калыбына келтирүүгө активдүү катышуусу керек. Аталган көйгөй боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу максатында Алмазбек Атамбаев мамлекеттик түзүмдөрдүн жана уюмга катышуучу мамлекеттердин илимий чөйрөсүнүн өкүлдөрүн Бишкекте 2013-жылдын 10-октябрында өтүүчү Ооганстан боюнча эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууга чакырды.
Алмазбек Атамбаев ошондой эле Сириядагы жана анын тегерегиндеги кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануусун билдирди. "Кыргызстан көптөгөн курмандыктар, гуманитардык каатчылык жана саясий кризистин мындан аркы курчушуна байланыштуу кыйла тынсчыздануусун билдирүүдө. Буга байланыштуу тараптарды токтоосуз ок атышууну токтотуп, кризисти БУУнун ортомчулугу менен бардык саясий күчтөрдүн сүйлөшүүсү аркылуу жөнгө салууга чакырабыз",- деди өлкө башчы.
Мамлекет башчысы ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин аймагында аракеттенген уюшкан баңги уюмдардын көбөйүп, күч алып баратканына өзгөчө тынчсыздануусун билдирди. "Буга байланыштуу баңгизаттардын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз айлантууга каршы күрөштө кызматташуу тууралуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы макулдашууну, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн 2011-2016-жылдарга Баңгизаттарга каршы стратегиясы жана аны аткаруу боюнча иш-аракеттер планын иш жүзүнө ашыруу зарылдыгын абдан актуалдуу деп эсептейм",- дейт Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстандын президентинин пикиринде, уюмдун мүчөлөрү терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу боюнча максаттуу жумуш аткарууну улантуу керек. “Ушул багыттарда кызматташтыктын ченемдик-укуктук базасын жакшыртуу маанилүү жана Пекиндеги ШКУнун саммитинде бекитилген 2013-2015-жылдарга терроризмге, сепаратизмге жана экстремизиге каршы күрөшүүдөгү кызматташтык программасын активдүү ишке ашыруу зарыл”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Президент белгилегендей, аймактагы коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыз кылуу экономикалык өнүгүү маселелери чечилмейинче мүмкүн эмес. “ШКУга мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын ар тараптан тереңдетүү биздин уюмдун эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн түпкү негиз болуп калышы керек. Ушундан улам, биз соода-экономикалык иш-аракет, транспорт, айлана-чөйрөнү коргоо, өзгөчө кырдаалдарды жоюу, маданият жана билим-илим үчүн жооп берген министрликтердин, ведомстволордун багыты боюнча биринчи кезекте турган долбоорлорду ишке ашырууну тез арада жасоо керек деп эсептейбиз. Менин оюмча, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга катышуу үчүн байкоочу мамлекеттерди да активдүү тартуу керек. Бул, албетте, өлкөлөрдүн, региондогу элдердин бакубаттыгын жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыздоого олуттуу салым кошот”,- деди мамлекет башчысы.
ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму уланууда.