Базар-Коргондо сел жүрүп, Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 5-август күнү саат 19:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел суулары Арсланбап айылында жайгашкан 10 турак үйдүн короолорун каптап, 1 сарайдын дубалын бузуп кетти. Мындан сырткары ички чарбалык унаа жолдун 1000 метрин, Кызыл-Алма сел өтүүчү сайынын 200 метр аралыгын кум шагылга толтуруп, 1 электр мамысын кулаткан. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Тартылган күчтөрдүн аракетинде сел сууларынын нугун бурушкан жана 3 турак үйдүн короолору тазаланган. 6-август күнү селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улантылат.