Биз социалдык тармакта

Европа Лигасынын биринчи чейректеги финалчылары аныкталды

Европа Лигасындагы биринчи чейректеги финалчылары белгилүү болду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда.

Турнир дээрлик беш айлык тыныгуудан соң улантылды.

"Манчестер Юнайтед" "ЛАСК'ты" 2:1 эсебинде жеңди. Голдор: Жесси Лингард (57-мүнөттө) жана Антони Марсьяль (88-мүнөттө), ал эми "ЛАСК'та" Филипп Визингер (55-мүнөттө).

Мартта "Манчестер Юнайтед" атаандашын (5:0) эсебинде артка калтырып, жеңишке ээ болгон. Эки оюндун жыйынтыгы менен алар оюндун кийинки баскычына өтөт.

"Копенгаген" "Истанбул Башакшехир" командасы менен ойноп, 3:0 эсебинде жеңишке жетишти. Голдор: Йонас Винд (4- жана 53-мүнөттө пеналти менен) жана Расмус Фальк (62-мүнөттө) айырмалана алышкан. Буга чейин "Копенгаген" командасы "Истанбул Башакшехир" (1:0) менен жеңип чыккан.

Дагы бир чейрек финалчы "Шахтер" командасы "Вольфсбург" командасын 3:0 эсебинде жеңип чыккан. Голдор: Жуниор Мораес (89- жана 93-мүнөттө) жана Манор Соломон (91-мүнөттө) гол жаратышкан. Биринчи оюнда "Шахтер" (2:1) менен алдыга чыккан.

"Интер" жана "Хетафе" 2:0 менен жеңишке жетишти. Голдор: Ромелу Лукаку (33-мүнөттө) жана Кристиан Эриксен (83-мүнөттө).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан