"Борбордук Азия аймагындагы суу-энергетикалык көйгөйлөр боюнча бир пикирге келебиз деп ишенем" - деди Алмазбек Атамбаев

Бүгүн, 13-сентябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Саммиттин бардык катышуучулары чогуу сүрөткө түшкөн соң, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңейтилген курамдагы отуруму өтүп жатат. 

Анда сөз сүйлөгөн КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Кыргызстан автоунаа жана темир жолу инфраструктурасын жакшыртууга, транс континенттер аралык аба жолдорун түзүүгө стратегиялык маани бере турганын айтты. “Эки тараптуу негизде бир катар оң баштоолор бар. Биз транзитти либералдаштырууну колдоп жатабыз, бул деңиздеги соода портторуна түз чыга албаган Борбордук Азиянын көпчүлүк мамлекеттери үчүн кыйла маанилүү көйгөй”,- деди президент. Бул жаатта уюмга мүчө мамлекеттердин географиялык жайгашуусун эске алганда, Алмазбек Атамбаев биздин өлкөлөр ортосундагы автоунаа, темир жол жана аба инфраструктурасынын транзиттик потенциалын кеңейтүүнү сунуштады. Бул үчүн бардык шарттар бар, бирок аларды кыйла натыйжалуу колдонуу керек деп эсептейт өлкө башчы. “Учурда Борбордук Азия аймагында суу-энергетикалык көйгөй негизги маселелерден болууда. Ийкемдүүлүк жана өз ара түшүнүүгө жетишүү, ошондой эле биздин мамлекеттердин саясий эркин билдирүү шартында биз бул маселе боюнча бир пикирге келебиз деп терең ишенем”,- деди Атамбаев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан