Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кызыл китепке киргизилип коргоого алынган "Ак кунастарды" аткан делген жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 30-июль күнү саат 14:30 чамасында Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагында орун алган. Айылдын 1997-жылы туулган Э.Э. аттуу тургуну өзүнө таандык сайсыз ок атуучу курал менен Кара-Дарыясынын жээгинде учуп бара жаткан, кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган, атууга тыюу салынган 3 даана "Ак кунасты" (белый аист) атып, сүрөткө түшкөндүгү такталган. Кийин бир тууган иниси 2000-жылы туулган Э.Ж. атылган канаттууларды кармап, өзүнүн уюлдук кол телефонуна сүрөткө түшүп, социалдык тармакка чыгарып жиберген.
Бул факты боюнча топтолгон материалдар 5-август күнү Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 144-берененин негизинде "жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу" катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Аталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, схемалары жана фото таблицалары түзүлгөн. Ошондой эле Э.Э. ак кунастарды аткан сайсыз ок атуучу куралына акт түзүп алынып, соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.
Учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.