Чүйдө мал жандыктарды уурдоого шектелип үч эркек жана бир аял киши кармалды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мал жандыктарды уурдоого шектелип үч эркек жана бир аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.

"2-август күнү болжол менен саат 03:30 чамасында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө 39 жаштагы Д.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2-август күнү болжол менен саат 01:30 чамасында анын 10 баш майда мал жандыктарын белгисиз адамдар уурдоого аракет кылганын билдирген. Бул окуя боюнча Ысык-Ата РИИБинин ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке чыгышып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда төмөнкүлөр аныкталган. 2-августта арыздануучу үйүндө жатып, түнкүсүн сырттан шектүү үндөрдү угуп, сыртка чыккан учурда белгисиз төрт адам анын сарайына кирип, 10 баш майда мал жандыктарын уурдоого аракет кылып жаткан жеринен көрүп калган. Белгисиз адамдар окуя болгон даректен Хонда-Фит унаасы менен белгисиз тарапка из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын негизинде сот иштеринин алкагында арыз ээси буга чейин да 8 баш майда мал жандыгы уурдалгандыгы белгилүү болгон. Кылмышка шектүү жарандарды кармоо үчүн бардык кызматкерлерге багыттамалар берилип, зарыл болгон иш аракеттер колго алынган. Ысык-Ата районунун ИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында окуядан эки саат өткөндөн кийин кылмышка шектүү делген эки адам кармалып, ошол эле күнү калган экөөсү да колго түшүрүлгөн. Алар: 35 жаштагы Б.К., 29 жаштагы С.Ж., 45 жаштагы Б.Н. жана 19 жаштагы Ш.А. аттуу жарандар болушкан.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга алынып, соттун чечими менен шектүүлөрдүн үчөөсү камакта калтырылып, бирөөсү үй камагына чыгарылган. Ысык-Ата районунун ИИБинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иш-аракеттеринин аркасында кармалган шектүү жарандардын Чүй облусунун аймагынан ондон ашык мал уурулук кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталып, дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан